Чоң-Алай: жер силкинүүдөн жабыркаган эки адам ооруканада

Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн коркуп калган 810 адамды медицина кызматкерлери текшерүүгө алды. Алардын ичинен 68 жаштагы тургун үчүнчү даражадагы кан басым оорусу менен, 13 жаштагы кыз курч стресске кабылды деген диагноз менен райондук ооруканага жаткырылган.

Алар райондун Дароот-Коргон айылдык ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин адистери кабарлап, аталган райондо 18 дарыгер, 36 медайым элди медициналык тейлөөгө алганын билдиришти. Алты тез жардам машинеси иштеп, ак халатчандар 24 саат бою нөөмөттө турушат.

Кечээ, 5 май күнү Таджикистан менен Кыргызстандын чек ара аймагында 8 ирет жер титирөө катталды. Анын очогу Тажикстандын аймагында орун алган.

Силкинүүнүн күчү Таджикистан жана Кыргызстан Республикасынын чек ара аймагында 3-6 баллга жеткен.  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-баллга чейин, Баткен облусунда 4-4,5 баллга чейин, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Чоң-Алай районунда 959 турак-үй текшерүүгө алынып, 357 үй авариялык абалга келгени,  калгандары оңдоого муктаж, бирок жашоого мүмкүн деп табылган. Райондун ар кайсы айылдарындагы 300 кожолук чатырларга жайгаштырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.