
Чоң-Алай районунун эки тургунунан мыйзамсыз куралдары алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
“Кызматкерлер райондун Кашка-Суу жана Жээренчи айылдарында жашаган эки тургундун үйүн тинтүүгө алышкан. Экөөнөн тең куралдар табылды. Алар куралдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жүргөнү аныкталды”,-деп белгилешти ИИМден.
Азыркы учурда курал экспертизага жөнөтүлдү. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаганын кошумчалашты.
Сүрөт: novosti.kg
- 26.04.2017