Чоң-Алай районунун акиминин биринчи орун басары болуп Акматов Абдибаит дайындалды

Чон-Алай районунун акиминин биринчи орун басары болуп Акматов Абдибаит Аманович дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

39 жаштагы Абдибаит Акматов эмгек жолун 2005-жылы Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө сот аткаруучу болуп иштөөдөн баштаган. 2019-жылдын апрель айынан тарта ушул убакка чейин Чоң-Алай райондук Мамлекеттик администрация башчысы- акимдин орун басары болуп эмгектенген. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 5 уулдун атасы.

Эске салсак, райондун мурдагы орун басары Ысмайыл Тагаев ушул жылдын 10-июнь күнү дүйнө салган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.