Чоң-Алай районунда жаңы базар иштей баштады

Чон-Алай районунда жаңы базар 1-июндан тарта иштей баштады. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

Райондун борборунда ачылган, алуучулар үчүн да, сатуучулар үчүн да ыңгайлуу болгон базар жергиликтүү бийликтин демилгеси менен 2018-жылы курула баштаган.  Санитардык талаптарга жооп берген, үстү жабык соода жайы аталган райондогу жеке ишкерлер тарабынан курулуп, ага 1 млн сомдон ашык каражат сарпталды.

Өлкө карантинге алынганга чейин базар райондун борбору аталган Доорот-Коргон айылында, чоң жолдун боюнда жуманын шейшемби күнүндө болуп келген. Жаңы базар ар жуманын алтынчы күнү иштээри анык болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.