Чоң-Алай районунда кайрадан 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология Институтунун берген маалыматы боюнча, 1-июнь күнү саат 21:10дө Кыргызстандын аймагында очогунда 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.

Жер титрөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алган. Райондун Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 баллга сезилген.

Эскерте кетсек, 3-май жана 5-майда дагы Чоң-Алай районунда жер титирөө катталып, 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529 үй авариялык абалда экендиги жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж экени аныкталган. Учурда 550 кожолук чатырларда күн кечирип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.