Чоң-Алай районун эми Өскөнбай Мамажакыпов жетектейт

Чоң-Алай районунун акими болуп Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

Өскөнбай Мамажакыпов 1980-жылы 22-ноябрда Алай районунун Дароот-Коргон айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү:

2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, 2015-жылы Экономика жана ишмердүүлүк университетин аяктаган.

Эмгек жолу Алай райондук администрациясынын жаштар комитетинин катчысы болуудан баштап, 2016-2020-жж Чоң- Алай районундагы Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болуп иштеген.

Үй бүлөлүү, 3 уул 1 кыздын атасы.

Чоң- Алай районун буга чейин Жумадилла Жапаров жетектеп келген. Ал Ош облусунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызматына которулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.