
Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалы Мадриддеги «Сантьяго Бернабеу» стадионунда 2-майда өттү.
УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, “Реал” өз талаасында “Атлетикону” 3:0 эсебинде утту. Үч топту тең атаандаштардын дарбазасына Криштиану Роналду киргизди.
Эки тайпа ортосундагы кийинки оюн 10-майда өтөт. Бүгүн, 3-майда “Монако” – “Ювентус” экинчи жарым финалда кездешмекчи.
Бул жакта беттештин кыскача баяндамасы:
- 03.05.2017