Чемпиондор лигасы: “Ювентус” “Монакону” жеңди

Чемпиондор лигасынын жарым финалында италиялык “Ювентус” франциялык “Монакону” 2:0 эсебинде жеңип алды. Оюн Кыргызстандын убагы менен 4-майда Луи II стадионунда өттү.

Эки голду тең “Ювентустун” чабуулчусу Гонсало Игуаина киргизип, дубль жасады. Атаандаштарынын дарбазасына биринчи гол 29-минутада кирсе, экинчиси 59-минутада орун алды.

Эми алардын жооптук беттеши 9-майда өтөт.

Бул жакта беттештин кыскача баяндамасы:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.