
Кыргызстандын чек ара аймагындагы колунда жок адамдарга жардам берүүгө багыттаган фонд ишке кирди. Анда жер-жерлердеги дүкөндөргө акча таштоочу үкөкчөлөр коюлуп, ага чогулган акчалар менен кийим-кече муктаждарга берилет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
“Көмөктөш бол” кайрымдуулук фондун Бишкектеги Ак-Өргө мечитинин имамы Юсуп Сайпиев ишке киргизди. Үкөкчөлөр болсо ар бир аймактагы соода жайларга коюла турган болууда.
Андан чогулган материалдык каражат менен кийим-кечелер алыскы аймактардагы муктаждарга жеткирилип турат.
- 03.04.2017