Чек ара кызматынын акыркы саатка берген маалыматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы болжол менен саат 17.50 чамасында Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдайт.

Тажик жарандары таштарды Баткен-Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн. Эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда: Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан. Андан кийин эле тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан.

Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жериненг координация болуп алардын бул чагымчылдык аракети мурдатан даярдык көрүшкөнү байкалды.

Алар тараптан минамет колдонулганы, алардын Чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт буну менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күч жана каражаттарын колдонгону көрсөтүп турат. Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузганы байкалды.

Тажик тарап минаметтер менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышкан.

Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскер кызматкерлери аткарбай жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.