Чек ара кызматы: Жолугушууда кыргыз-тажик тилкесинде чатак көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда чек аранын эки тарап чогуу күзөт жүргүзүүчү тилкесинде түрдүү окуялар көп катталып жатканына өзгөчө көңүл бурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын жана Тажикстандын башкы чек ара мекемелеринин жетекчилеринин биринчи орун басарлары Уларбек Шаршеевдин жана Ражабали Рахмоналинин жолугушуусу 12-мартта Тажикстандын Исфара районундагы “Гулистон” өткөрүү пунктунда өттү.

Жолугушууда түрдүү чыр-чатактар көбөйгөнү жана алар чек аранын тактала элек тилкелеринде болуп жатканы айтылды.

Жыйынтыгында чек ара чырларын алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат алмашып туруу, курал колдонбоо, чарбалык ишмердүүлүк боюнча маселелерди облус жетекчилеринин деңгээлинде чечүү тууралуу макулдашуулар жетишилди.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

10-11-мартта да чек арада курал колдонулган окуя катталды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.