Чек ара: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын өкүлү Раджабба Ахмадзода баштаган делегация сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда эки тарап ок атышууну токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришип, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө атышуулардын себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылды. Камчыбек Ташиев кырдаалдын курчушуна алып келген тараптардын тирешүү аракеттерин дипломатиялык жол менен токтотуп, чыңалууну басаңдатуу боюнча бир катар конкреттүү чараларды сунуштады:

  • Чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүү;
  • Аскерлерди чек ара тилкелеринин чегинен тышкары чыгарып кетүү;
  • Чек араларда коомдук тартипти сактаган чек арачылар менен милиция кызматкерлерин гана калтыруу;

Ал эми келишимдердин аткарылышы үчүн делегациянын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат. Камчыбек Ташиев чыңалуу басаңдаганга чейин Баткенде болорун баса белгиледи. Тажикстандын айрым жарандарынын чагымчыл кыйкырыктарына карабастан, комиссия сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.