
20-апрелде Чаткал аймагындагы сууга агып кеткен кишинин сөөгү табыла элек. Төрт күндөн бери жергиликтүү тургундар менен куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүштү. Бирок дарыяга агып кеткен кишини таба алышкан жок.
24-апрелде туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулду. 20-апрелде, Чаткалдагы коруктан 12 киши кайтып келе жатып, анын бири сууга агып кеткен. Ал суудан ат менен өтөм деп жатып сууга чөгүп, жанындагылар куткара албай калышкан.
Сүрөт: sputnik.kg
- 26.04.2017