Чаткалда сууга агып кеткен адамды издеп жатышат

Чаткалда коруктан келе жатып сууга агып кеткен кишини издөө иштери жүрүүдө. Ага 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылды.

20-апрелде, Чаткалдагы коруктан 12 киши кайтып келе жатып, анын бири сууга агып кеткен. Ал суудан ат менен өтөм деп жатып сууга чөгүп, жанындагылар куткара албай калышкан. Жарандар ӨКМге 20:30дар чамасында кабар беришип, куркаруучулар тарабынан да издөө иштери жүргүзүлдү. Бирок караңгы кирип кеткендиктен жумуштар убактылуу токтотулуп, бүгүн, 21-апрелде кайрадан издеп жатышат.

 

Сүрөт: sputnik.kg

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.