Чаткал ашуусунда калып кеткен чабандарды алып келүүгө он беш адам тартылды

Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда калып кеткен сегиз чабанды алып келүүгө он беш адам тартылды. Адардын ичинде жергиликтүү тургундар жана куткаруу кызматкерлери бар. Азыркы тапта жардамга бара жаткандар автоунаа барчу жерге чейин жетишип, андан ары эки атчан жөнөп кетти. Калган куткаруучулар Чакмак-Суу айлында турушат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, мал багып жүргөндөр Бакай-Ата районунун тургундары. Алар 30-октябрь күнү 3 короо койу жана үч үйүр жылкысы менен калып кетишкен.

Андан бери куткаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Бирок жардамга тартылган топ толугу менен чабандарга жете элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.