
8-апрелде, кечки саат 19:20да Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 3 жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктан эки унаа күйүп кетти. Дагы төрт адам жараат алып, ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде адистер куткаруу иштерин алып барышты.
- 09.04.2017