Бюджети 100 млн сомго жеткен “Ош-Тазалык” 35 млн сом субсидия алат

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы 2018-жылдын бюджетинен 35 млн сом субсидия алат.  Чарбалык эсептеги кирешеси чоң ишкананын казынадан мынчалык чоң каражат сураганы максатсыз. Бул тууралуу пикирин Ош шаардык кеңешинин депутаты Акбарали Батыров бюджетти кабыл алуу учурунда билдирди.

“100 млн сом кирешеси бар ишканага дагы 35 млн сом бюджеттен бергенибиз туурабы? Бул акчаны башка муктаждыкка сарптасак болбойт беле?” – деп суроо салды Батыров.

“Ош-Тазалыктын” башчысы Талант Капаров  ишкана азырынча субсидиядан баш тартууга даяр эмес экенин билдирди. Анткени 2016-жылы Жашылдандыруу чарба комбинатынын шыпыруучу, айдоочу кызматкерлери 29 млн сом чыгашасы менен “Ош-Тазалыктын” карамагына которулган. Субсидия ошол 200дөй жумушчунун маянасына жумшалат.

Бирок жетекчинин бул жообуна эл  өкүлү макул болгон жок.

“Тазалыктын” бюджети төрт жыл мурун 30 млн сом эле, азыр 100 млн сомдон ашып жатат. Макул, ушул да жетпесе, жок дегенде 20 млн сом субсидия сурасаңар болмок”, – деди Акбарали Батыров.

“Ош-Тазалыктын” кирешеси  өскөн менен чыгашасы да көп болуп жатканы айтылды. Мурда 110 адам иштесе, азыр жумушчулардын саны 400дөн ашат. Техникалар, таштанды үкөктөрү жаңыланууда.

“Акчанын баарын айлыкка берип салсак, анда өнүгүү болбойт. Техникалык базаны чыңдоого да көңүл буруу керек”, – деди Капаров.

Депутаттар субсидия боюнча талашып-тартышканы менен жыйынтыгында “Ош-Тазалык” бюджеттен быйыл 35 ,5 млн сом алмай болду.

Ош шаарында чарбалык эсептеги үч муниципалдык ишкана казынадан субсидия алат. “Ош-Тазалыктан” сырткары троллейбустар паркына муниципалдык коомдук унаада пенсионерлер менен окуучулар бекер жүргөнү үчүн 17 млн сом берилет. “Жылуулук менен камсыздоо” ишканасына болсо 20 млн сомдон ашык акча бөлүнөт. Ишкана 1 гигакалорий жылуулукту өндүрүүгө 9 сом чыгаша кылса, тургундардан 5 сомдон алат. Ортодогу 4 сом айырманы шаар казынасынан жабышат.

13-мартта Ош шаардык кеңеши калаанын 2018-жылга бюджетин киреше-чыгашасы 940 млн сом өлчөмүндө бекитип берди.

Сүрөт: “Ош-Тазалык”

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.