Быйыл Оштун жолдору капиталдык оңдоодон өтпөйт

Бул жылы Ош шаарындагы жолдор капиталдык оңдоодон өткөрүлбөйт. Анткени шаардык бюджеттен болгону 15 млн сом гана акча бөлүнгөн. Ал каражат жолдорду жамоого гана жетери айтылууда.

Ош шаарынын жолдорун оңдоого республикалык казынадан да акча каралаары күтүлүп жаткан. Бирок каржы бөлүнбөй калды. Эми шаардык жолдор башкармалыгы калаадагы жолдорду жамоо иштерин гана жүргүзүшөт.

Шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусовдун айтымында, ондоо иштери Масалиев, Гагарин, Салиева жана Монуев көчөлөрүндө жүргүзүлөт.

Жолдордун абалына жакшыртууга май айында дагы каражат бөлүнөөрү айтылып жатат. Бирок сумманын эсеби жана качан берилээри азырынча белгисиз. Андыктан калаадагы дагы кайсы көчөлөр оңдолоору азырынча белгисиз.

сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.