БУУ Мосулдагы тургундарды сактап калууга чакырды

Ирактын Мосул шаарын согушкерлерден бошотуу операциясы уланып жатат. Бул арада өкмөттүк күчтөр менен согушкерлердин кагылышуусунан жүздөгөн жай туругундар набыт болууда. Ага байланыштуу БУУнун адам укутарын сактоо боюнча адистери, өкмөттүк күчтөрдү жай тургундарды бомбалоодон сактап калууга чакырышты.

БУУ Ирак армиясын жана АКШ башында турган коалицияны Мосулдагы жай тургундардын өлүмүн алдын алууга жана этияттыкка чакырды. Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясы бир канча айдан бери уланып келүүдө. Бүгүнкү күндө шаардын чыгыш бөлүгү менен батыш тарабынын жарым аймагы өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн.

Жергиликтүү тургундар Мосулду таштап качууга аргасыз болушууда. Бомбалоолордон жүздөгөн жашоочулар набыт болуп жатат.

“БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссардын берген маалыматында, 17-февральдан 22-мартка чейинки аралыкта, Мосулда 307 киши каза болуп, 273 адам жараат алган. Булардын баары жай тургундар”,-дейт БУУнун өкүлү Руперт Колвиль.

Маалым болгондой, эң кандуу окуя 17- март күнү катталган. Анда аба соккуларынан 100дөн ашуун киши каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында,согушкерлер аскерий учактар бомбалоочу жайларга жай тургундарды алып барып, тирүү тосмо катары пайдаланып жатышат.

Тургундарды тосмо катары колдонуу согушкерлердин эң алдыңкы тактикаларынын бири. Ага байланыштуу БУУнун өкүлү Руперт Колвиль –“Душмандардын бул кадамы акылга сыйбаган көрүнүш. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жай тургундарды тирүү тосмо катары пайдаланып жатышат. Ошондуктан Ирак армиясы менен коалициялык өнөктөштөрүнө айтаарым, согушкерлердин тузагына түшүп, тургундарды аткылоодон сактаналы”, деп кошумчалады.

Учурда Мосулда куралдуу кагылышуулар катуу жүрүп жаткан кез. Күн санап шаар аймагынан миңдеген жашоочулар качып чыгууга аргасыз болуушууда.

Аларды коопсуз жайларга жайгаштыруу үчүн, эл аралык гуманитардык уюмдар качкындар лагерлерин ар тараптан кеңейтип келишүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.