БУУ 2022-жылды тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялады

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү резолюция үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында кабыл алынды.

Резолюция БУУга мүчө өлкөлөргө, тутумдун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыктар тараптарга, илимий чөйрөнү, тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн Эл аралык жылды тийиштүү деңгээлде белгилөөгө жана тоо экосистемаларын сактоо жана туруктуу пайдаланууга чакырат.

“Үстүбүздөгү жылы бул КРнын демилгеси боюнча кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт…” деп аталган биринчи резолюция кабыл алынган, ал эми экинчиси – 23-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын алкагында “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөөнү күчөтүү” кабыл алынган”, – деп түшүндүрдү тышкы саясий ведомстводон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.