БШК: ЖК депутаттарын кайра шайлоого 72 талапкер арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктаганын билдирди.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди,  55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды.

Шайлоо мыйзамына ылайык депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда, 2022-жылдын 7-февралына чейин аяктайт.

Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 2022-жылдын 7-февралынан тартып башталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.