Британиялык журналист Кыргызстан президентине кайрылуу жасады

Британиялык журналист, Франсс Пресс агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей, Дубайга кайра депортацияланды. Мунун себебин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети виза режимин бузгандыгы менен түшүндүрөт.

Ал эми Крис Риклтон жети жылдан бери эч кандай эреже бузбай Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн жана кызы бар экендигин айтат. Өлкө бийлиги аны Кыргызстанга киргизет деген үмүт менен Фейсбук аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган.

Крис Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Франс Пресс агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын активдүү чагылдырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.