
Республикада коронавирус дагы да жайылып кетүү коркунучу бар. Мындай билдирүүнү Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү абал тууралуу өткөн маалымат жыйында билдирди.
Боронов маалымдагандай, күндө 10-20 адамдардан вирус чыгууда.
“Кээде таптакыр эле байланышта болбогон адамдардан чыгып калып жатат”, – деди ал.
Ар бир оору жуктурган жаран менен байланышкан жарандар 24 сааттын ичинде табылып, анализдери алынып жаткандыгын кошумчалады Боронов.
“Учурда Талас жана Ысык-Көл облусунда абал жакшы. Ал эми Бишкек, Нарын облустарында вирусту жуктургандар көп болууда”, – деди Биринчи вице-премьер-министр.
Ошондой эле Кубатбек Боронов коронавирустун экинчи толкуну күзүндө болоорун талдоочулар айтып жаткандыгын билдирди.
“Кудай сактасын. Бирок азыр биздин кызматкерлер тажрыйбалуу болуп калышты. Мен ойлойм биз кандай болсо дагы баарына даярбыз”,-деп билдирди Боронов.
- 29.04.2020