Боронов эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн экендигин эскертти

Коронавирус инфекциясынан улам эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн экенин, ага даярдыкты күчөтүү зарыл экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

“Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат”, – деген өкмөт башчы облус жетекчилерине аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал үчүн алар жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө менен чогуу эле кышка даярдыкты да унутта калтырбоону тапшырды. Элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр аралыктан жүргүзүлүшү үчүн санариптештирүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Кубатбек Боронов калк кызмат көрсөтүүлөрдү үйүнөн чыкпай, аралыктан алышы үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү керектигин баса көрсөттү. Өкмөт башчы жеке ишканалар менен катар эле мамлекеттик органдарга да аралыктан иштөө режимине өтүүнү сунуштады.

Кыргызстанда 19-июнга карата бир суткада 132 адамдан коронавирус жаңы аныкталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч. 18-июнда 95 учур, 17-июнда 90 учур, 16-июнда 100 учур катталган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.