Борбор Азиядагы эң баалуу сүрөттөрдүн тарыхы

Борбор Азиядагы фотосүрөтчүлөрдүн өзгөчө эмгектерин чет жерде да жакшы билишет. Биздин аймактагы жүздөрдү, кубаныч менен кайгыбызды дал ушул сүрөтчүлөр эң мыкты чагылдырып беришет. Ар биринин архиви – азыркы жашоонун чыныгы тарыхы, бирок миллиондогон сүрөттөрдүн арасында эмнегедир баалуу болуп калгандары да бар.

“Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” Борбор Азиядагы чеберлерден өз эмгектеринин тарыхын сурады.

“КАРАЧАГАНАКТАГЫ КИРПИ”, АНАТОЛИЙ УСТИНЕНКО, КАЗАКСТАН

Алгач биз адистер менен кеңешип алдык, анткени Казакстанда белгилүү сүрөтчүлөр көп. Тааныш журналисттер бир топ каармандардын атын айтып отуруп, пикирлери бир жерден чыкты: “Эң сонун сүрөттөрдүн бири – “Карачаганактагы кирпи”.

“Кирпини” фотокабарчы, Казакстандын Журналистика академиясынын мүчө-академиги, “Алтын жылдыз” наамынын эки жолку лауреаты, бир катар эл аралык сынактардын лауреаты Анатолий Устиненко.

– Мен Карачаганак нефти кени үчүн материал жасап жаткам. Нефтичилердин ишине экологдор кандай мамиле кыларын билесиздер да. Жагымдуу кечтердин биринде биз кенде күндүн батышын тартып жаттык. Бул объект өзү кооз. Баарын тартып, Аксай кыштагына келе жатсак, жолдон кирпи өтүп бараткан. Биз аны тутуп алдык. Мен: “Нефтичи менен кирпинин экологиялык байланышын көрсөткүм келет” дедим. Кыштакка келип, өз бөлмөмө кирдим. Кирпини кайда бекитсем деп ойлондум, качып кетмек да. Аны үстөлдүн ачылма текчесине салып, кичинекей жылчыкча калтырдым, жаныбар дем алсын деп, – дейт Устиненко.

Эрте менен кирпи ордунда жок. Анатолий Васильевич бүт бөлмөнү кыдырып, жаныбарды шифоньердин артынан тапты. Кирпиге эркиндикке чыгып, өзү каалаган жайга барыш үчүн кичинекей жылчыкча да жетиштүү болгон экен.

– Менде коопсуздук эрежелерине ылайык кийимдер, каска бар эле. Кирпини каскага салып алып жөнөдүм. Оюмдан кантип кызыктуу сүрөт тартуу кетпейт. А элдер болсо таңкы мөөнөт алмашууга шашып баратат. Мен кирпини жөө адамдар өтчү жолчого койсом, кыймылдабай жата берди. Адамдардын жытын сезип, тырп этпейт. Аны кайрадан каскага салып, анан  бетон пайдубалдуу электр тирөөчүнө көзүм түштү. Кирпини ошол жерге түшүрүп, жанына касканы койдум. Каска аппак, жапжаңы, “Карачаганак” деген жазуусу бар. Кирпи түйүлүп алган эле, анан жазылып, мени карап туруптур. Аны сүрөткө тарта баштадым. Тартканымы “Карачаганак” кызматкерлерине көрсөтсөм, аларга аябай жагып, сүрөттү алып калышты.

Аз өтпөй сүрөт Интернетке тарады, кийин “Каска жанындагы кирпи” “Карачаганак” жанындагы Аксай кыштагында эле эмес, Актау, Алматы, Атырауда көрнөк катары чыгарылды. Баса, кирпини болсо кийин тапкан жерине этияттап жеткиреп коюшкан.

– Мен өз кесибимди эң маанилүү деп эсептейм: анткени, биз кетебиз, а сүрөттөр калат, – дейт  Устиненко.

«ТАТТУУ КЕБЕЗ САТУУЧУСУ», ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ, КЫРГЫЗСТАН

Табылды Кадырбеков камерасын өзүнө эмес, курчаган дүйнөгө багыттайт, өз ишинин мыктысы.  Фотокабарчы “Смайлик” деген сүрөтү үчүн 2016-жылы ADME PHOTO AWARDS сынагында үчүнчү орунга жетишти, кийин Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык сынакта интернет добуш берүү жыйынтыгында жеңүүчү аталды. Соцтармак колдонуучулары “Таттуу кебез сатуучусу” сүрөтүн мыкты деп табышты.

– Бул кадр капыстан тартылды десе болот. Өткөн жылы кышында борбордогу катуу бороон маалында, Жаңы жыл алдында тартылган. Менде “Бишкектеги бороон” тууралуу “Спутник Кыргызстан” үчүн фотобаян жасоо тапшырмасы бар эле. Шаарды кыдырып жүрүп, көп кызыктуу сүрөттөрдү тарттым, бирок сейилдин аягында Эркиндик бульварында дагы бир нече кадр алууну чечтим. Ал жактан таттуу кебез саткан чоң энеге көзүм түштү. Биринчи сүрөт жакшы чыкпай калды, анткени артынан тарткан элем. Кийин алдына өтүп, дагы бир нече кадр алдым, апа капыстан жылмайып жиберди, ошентип, азыркы сүрөт жаралды.

Сүрөт каарманы Жабилхан Саипова экени кийин белгилүү болду. Ал 32 жыл бою Ошто жашап, 2001-жылы Бишкекке көчүп келип, таттуу кебез сата баштаган.

– Бүл сүрөт мага өтө кымбат. Ал ызгардуу түнү тартылган менен, мен андан ушундай жылуулукту сезем, – дейт Кадырбеков.

“БУЗКАШИ”, НОЗИМ КАЛАНДАРОВ, ТАЖИКСТАН

Тажик фотокабарчысы Нозим Каландаров бүт Тажикстанды сүрөткө тарткан чыгар. Ал камерасы менен көпчүлүк тажиктер билбеген жайларга чейин барат. Жакшы сүрөт жана дал келген жарык үчүн Нозим баарына даяр: таң атпай туруп, бийик тоого чыгат, баткакта жатып, бир кадрды саатап күтөт.

“Бузкаши” (улак тартыш) сүрөтү да ушинтип тартылды. Бул кадр үчүн Нозим аябай көп убакытын күтүү менен өткөрдү, а сүрөт болсо Рейтер агенттигине чыгып, Esquire журналынын “Күн сүрөтү” рубрикасына да жарыяланды, ага улай Интернетте чоң талкуу жаратты. Биринчи кезекте колдонуучуларды тажиктер танк үчүн атайын баш кийимдерди кайдан алганы кызыктырды.

– Ар жылы Ноорузда аймактарга чыгып, улак тартыш улуттук оюнун тартам. Чынында, бул оюнду тартуу оңой эмес, анткени, оюн аянтына жакын баруу кооптуу, көрүүчүлөрдүн жанында калууга туура келет, күйөрмандар тобу тоскоол жаратып, кадрга илеше берет. Зарыл позицияны табуу үчүн аябай аракет кылуу керек, тапкан ченде да күтүү шарт.

“Бузкаши”сүрөтүн Нозим 2011-жылы тарткан. Улак тартыш маалында адатта кичинекей аттарды колдонушат, бирок ошол күнү талаага чоң күлүк чыкты, Нозим ошол жаныбардан көзүн албай турган. Анан оюн кульминациясына жеткенде, жакындатып тарта баштады, жыйынтыгында мыкты сүрөт жаралды.

“УЛГАЙГАН АЯЛ”, УМИДА АХМЕДОВА, ӨЗБЕКСТАН

Атактуу өзбек сүрөтчүсү Умида Ахмедованын да жакшы көргөн сүрөтү бар. Ал СССРдин Эл артисти, кыргыз актрисасы Сабира Күмүшалиева тартылган сүрөттү өзгөчө көрөт.

– Мен аны 87 жашында 2004-жылы Бишкекте тарткам. Үч жылдан кийин кайтыш болду. Менимче, бул акыркы сүрөтү болсо керек. Улуу актриса менин сүрөтүм аркылуу элдердин эсинде калды.

Умиданын айтымында, Сабира Күмүшалиеваны сүрөткө тартып жатканда, актриса жаш балача сүйүнгөн; улгайганына карабай, камера алдында өзүн сонун алып отурду.

– Бул сүрөттү көбү жакшы көрөт, өзгөчө актрисанын небереси, ал мага ыраазылык кат да жиберген. Сабира улуу актриса болгон жана кыргыз элинин тарыхындагы дагы бир улуу аял – Курманжан  Датканын образын жараткан.

Баса, бул сүрөт 2008-жылы Санкт-Петербургдагы чоң көргөзмөгө коюлган. Ошол эле жылы ал “Аялдар жана эркектер: күн чыгыштан күн батышка чейин” деп аталган фотоальбомдон орун алды.

Башкы сүрөт: Fotojoin.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.