Борбор Азия: Ленин “өлгөн” жок

Бүгүн Владимир Ильич Лениндин туулган күнү. Ал 1870-жылдын 22-апрелинде төрөлгөн. Борбор Азиядагы  пролетариат жол башчысынын   эстеликтери турган эң кызыктуу жайларды чогулттук. Алар аз эле калды, бирок  бар.

Эң бийик  жайдагы Ленин

Жол башчынын эң бийик тоодогу эстелиги – Ленин чокусунда.  Бийиктеги 7 миң метр тоо Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. КР тараптан чоку азыр да Ильичтин атын алып жүрөт, а тажиктер болсо 2006-жылы чокуга Абу али ибн Синанын (Авиценна) ысымын беришти.

Ленин чокусуна жол башчынын алгачкы айкели 1934-жылы чыгарылды. Ошол кезде Кызыл армиянын командирлеринин Памир жүрүшү болгон. Биринчи аракетте 21 адам кыркага жете алды. Бул жаңы эле тоо техникасын үйрөнгөн жоокерлердин алгачкы массалык чокуга чыгышы эле. Алар Лениндин айкелин көтөрө чыгып, ошол жакка калтырышкан. Тажрыйбанын жетишсиздиги, аба ырайынын начардыгы жана убакыттын аздыгынан чокуга жетпей кайтууга аргасыз болушкан. Үч күн эс алгандан кийин алты адамдан турган альпинисттер тобу, анын ичинде Евгений Абалаков ал кездеги Коммунизим чокусун багындырды. Алар кыркадагы айкелди чокуга жеткиришкен.

90-жылдардын башында, СССР кулаганда эстелик жоголуп кеткен. Бирок 2012-жылдын 11-августунда гиддер Максим Черкасов, Андрей Ерохин жана анын достору Ильичтин жаңы айкелин чокуга жеткиришкен. “Душмандарга  өчөшүп, альпинисттерди кубантып”, – деп жазган Ерохин.

Граниттүү Ильич

АКШдагы төрт президенттин элеси түшүрүлгөн Рашмор тоосун баары эле билсе керек. Кыргызстанда да ушуга окшош барельеф бар. Анда Ленин түшүрүлгөн.

Башкы большевиктин ири өлчөмдөгү сүрөтү азырга чейин Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычында турат.

ГОЭРЛО планы аракетте

Кыргызстанда дагы бир “гидротехнологиялык” Ленин бар. Ильич Токтогул ГЭСинин машина залында азыр да жашайт. Ошол эле жерде, берки дубалда “Коммунизим – Совет бийлиги жана бүт өлкөнү жарыктандыруу” деген сөзү турат.

Оштун чок ортосундагы Ленин

Ош шаарынын борбордук аянтында Лениндин эстелиги сакталып калды. Көп аймактарда Владимир Ильичтин айкелдери көзгө көрүнбөгөн четирек жактарга жылдырылган. Бийиктиги 30 метрди чамалаган эстеликти аянттан алып салуу демилгеси бир нече жылдан бери улам көтөрүлүп келет. Бирок жергиликтүү бийлик азырынча андай кадамга барууну бир жактуу чече элек.

Негизи эле Борбор Азиядагы республикалардын ичинен Кыргызстанда гана Ленин жанан анын мурасына ак ниет мамиле сакталып калган. Мында ал тургай эки коммунисттик партия да бар. Алардын бири – Кыргызстандын коммунисттер партиясы 11-декабрда өтүүчү шайлоого бара жатат.

Бишкекте марксизм-ленинизмдин башка өкүлдөрү да өзүн ыңгайлуу сезишет. Борбордук бакта, өкмөт үйүнүн алдында Маркс менен Энгельске эстелик бар. Бул жайды шаардыктар “Карл атаныкында” деп эркелетип аташат, бирок чынында алар тарыхый инсандарга сый-урматсыз мамиле кылышат.

Улуттук колориттеги Ленин

Эгер сиз Лениндин “улуттук” эстелигин көрүүнү кааласаңыз, Ашхабадга барыңыз. Монумент 1924-жылы 27-январда – Ленинди акыркы сапарга узатуу маалында салына баштап, 1927-жылы 7-ноябрда ачылган.

Ильичтин айкелинин өзгөчөлүгү деле жок, Советтер Союзунун ар бир чоң шаарында коммунизмге жолду көрсөтүп турган жол башчы. Ильич үчүн колону мурдагы падышалык Байрам-Али короосунан алып келишкен.  Лениндин айкелин колдо чегишкен, анткени ал кезде Полторацкта (Ашхабад ушинтип аталган) тийиштүү өндүрүш техникасы жок эле.

А эстеликтин негизи өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Бул куб түрүндөгү имарат, ага тепкичтер аркылуу барасың. Долбоордун автору Андрей Андреевич Карелин – падышалык доордон эле атак алган сүрөтчү, ал бир жыл мурун Түркмөн ССРнин гербин иштеп чыккан. Эстелик негизин күйгүзүлгөн чоподон жасоо идеясы ага таандык. Эмгек аябай сапаттуу жасалгандыктан, азыр да оюу-чийүүлөр даана көрүнөт. Ишти керамист Назаров аткарган.

Эстелик негизинде орус жана түркмөн тилдеринде “Ленинизм – Чыгыш элдерин азаттыкка чыгаруунун жолу” деген өңдүү сөздөрү жазылуу.  Монумент катуу зилзаларга туруштук бере алды. Азыр ал Түркмөнстан маданиятынын мурасы катары сакталууда.

Лениндин алдында тазаланам

Советтер Союзу кулагандан кийин шаарлардын борбордук көчөлөрүндөгү Лениндин эстеликтерин массалык түрдө ала башташты. Айрым көз карандысыз республикаларда айкелдерди жок кылып же башка жакка жылдырышкан. А Казакстанда болсо эстеликтерди анчейин сыйлуу эмес жайларга которушту.

Эң эле жагымсыз окуя Кызыл-Ордада болду. Калаа борборундагы Ильич капыстан жоголуп кетти. Жергиликтүү коммунисттер аны үч күн издеп, акыры тапканда аябай нааразы болушкан. Көп жыл бою жаркын келечекке жол көрсөткөн айкел тагдырдын тамашасы менен коомдук ажатканага жол көрсөткөндөй таризде орнотулуп калган.

Жергиликтүү пенсионерлер  нааразы болгондон кийин бийлик айкелге татыктуу жай табууну убадалады.

Жакшы санаалаштар менен

Казакстандагы Семей шаарында да Ленинди борбордук көчөдөн алып салышкан.  Бирок арыздануулардан кийин ал “санаалаштарынын” катарына кошулду. Ильичтин айланасында азыр башка рангдагы кол башчылар Калинин, Киров, Маркс, Дзержинский турат. Бул жай тарых эстеликтеринин багы деп аталат. Семейдин жашоочулары бул жерди шаардын көзгө басаар жайы катары санашат.

Огороддогу Ленин

Тажикстандын Компартиясыныны мүчөлөрү Ильичти эскерүү үчүн Дүйшөмбүдөн сыртка чыгууга мажбур, анткени борбордо бир да айкел калган эмес. Бирок коммунисттердин эсебинде 2016-жылдын августуна карата өлкө аймагында пролетариат жол башчысынын 63 эстелеги сакталуу. Анын үстүнө кайсы райодо Лениндин кезектеги айкелин бузуп жатышса, жергиликтүү тургундар эстеликти өз короосуна алып кетип, ошол жакта сакташат.

“Азыр Лениндин ондогон айкелин тургундардын үйлөрүнөн кезиктирүүгө болот. Дангарда элдин колунда Ильичтин 12 эстелиги бар”, – деди Тажикстандын Коммунисттер партиясынын төрага орун басары Исмоил Талбаков “Озоди” радиосуна берген маегинде.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.