
Кадимки эле тигүүчүлөр, оңдоочулар жана албетте, өзгөчө жаңы кийимдерди жаратуучулар. Азыр дал ушул адистердин башын бириктирип, бизнес ачкандардын кирешеси мол. Бүгүнкү күндүн талабы тигүү цехтеринини өндүрүшүнө күчөп барат. Анткени жолго коюлган экспорт менен биргеликте ички рынокто да атамекендик өндүрүүчүлөрдүн товарына керектөө өскөн.
Ошол эле учурда тигүү цехтери да арбып барат. Бирок баарынын эле иши бир нукка түшө бербейт. Ал үчүн тынымсыз аракет, максат жана изденүү гана кажет. Анткени мода күн сайын өзгөрүп турат, атаандаштык да күч.
Тигүү цехин канча сом менен ачса болот? Бул бизнестин сырлары кандай? Толук видео түшүндүрмөлөр жана адистердин кеңештерин сунуштайбыз.
- 05.04.2017