Бизнес башта: абадан акча тапкандар

Кандай жакшы саамалыкка барба, алгач эле ал жердеги көз жоосун алган жасалгалар көрүнөт. Кооздугун байкаганыбыз менен кантип, кимдер жасаганын ойлоп да койбойбуз. Бул жолу жашообузду майрамга айланткандар тууралуу сөз кылабыз.  

Той-мааракелерди жасалгалоонун түрлөрү көп. Айрымдар  шар менен үй-бүлөсүн бакса, кооздоо боюнча кеңири кызматын сунуштаган чоң компаниялар да бар.

Жакшы күндөр көп. Кимдир бирөөнүн туулган күнү, үйлөнүү той, юбилей, айтор, белгилүү даталар күн сайын эле белгиленет.  Ар бир адам  жашоосунун дал ушул этабына келгенде, мисалы, үлпөт тоюнда  акчасын аябайт. Каражат жок болуп турса да, насыяга деле тыйын таап, өзгөчө кылып өткөрүүгө тырышат. Демек, маараке-салтанаттарды кооздоо келечектүү бизнес деп бүтүм чыгарышат экономикалык серепчилер.

Башкаларга кубаныч, майрамдык маанай тартуулоо менен канча киреше тапса болот? Бизнестин бул түрү сизден канча капитал жана кандай даярдыктарды күтөт? Суроолордун баарына “Бизнес башта” берүүcү жооп берет. Видеону көрүңүз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.