Бишкектин абасы шамалдан улам 34 эсе тазарды

Бүгүн, 4-декабрда шамалдан улам Бишкек шаарында аба тазарды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 3-4-декабрында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы 15 метр/ секундага жетти.

“Эгерде ноябрдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсеге азайды”, – деп айтылат маалыматта.

Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалган.

CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли – 5 мкг/м3)

NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли – 400 мкг/м3)

NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли – 85 мкг/м3)

SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли – 500 мкг/м3)

PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли – 160 мкг/м3)

Ал эми майда катуу бөлүкчөлөрдүн абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.