Бишкектен айылга: чарчабас бийкечтин окуясы

Замира Оморова  Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашайт. Ал топоз багып, ууга чыгат. Ракета мене учактан башка унаанын баарын башкара алат. Акылдуу, жөнөкөй, чыныгы айылдык аял. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” борбордогу ийгиликтүү карьерасын кыштактагы жашоого алмаштырып, өзүн тапкан аялдын окуясын баяндайт.

Замира айылдык жашоого кызыкчу деле эмес. Бирок бала кезинен атасы ага мал багууну үйрөткөн. Элетте чоңойгон башка кыздардай эле Замира да мектепти тезирээк аяктап, борборго кетүүнү самачу. Атасы ветеринар болуп, айылда иштеп кал деген менен каарманыбыз адамдарды дарылоону тандады. Ата-энесинин катуу каршылыгына карабай, ал медициналык академияга тапшырган. Бирок баары бир дарыгер боло албады. Замира экинчи курса окуп жатканда медицина өзүнө туура келбесин түшүнөт да, Медакадемияны таштап, Кыргыз улуттук университетинин компьютердик технологиялар факультетине которулат.

– Албетте, мени сындап, кайра медицина факультетинде окууңду калыбына келтир дегендер көп болду. Бирок менин мүнөзүм ушундай – бир нерсени кааласам, анын өтөсүнөн чыгам. Университетти артыкчылык менен бүтүрүп, окутуучу болуп калдым, – дейт Замира.

Бирок ферма жыл өткөн сайын көп мээнетти талап кылып, ата-энеси малды эптей албай калды. Атасы чалып, кызын үйгө чакырат. Замира макул болуп: “Болгону эки жыл. Кийин кайра Бишкекке кетем” деп өзүн сооротуп жатты.

Көп өтпөй атасы кайтыш болуп, Замира бүт ферманы башкаруу түйшүгүн өз мойнуна алды. Азыр анын ар бир күнү таңкы саат беште туруп, малга жеп берип, сарайды тазалоо менен башталат. Замиранын 400 баш топоз жана 10 гектар жери бар.

– Ат-Башынынын климаты катаал, төл кышка туура келет. Мен бир эле учурда ветеринар, эсепчи жана башкаруучумун. Бирок баарын жалгыз өзүм жасабайм.  Мага иним жана жалданган жумушчулар жардам беришет. Анткен менен баарына көз салам. Эч кайсы иш, кыйынчылыктан коркпойм. Бөтөн адамга мага баары жеңилдей туюлушу мүмкүн, атасы фермердик чарбаны бутка тургузуп кеткен, эми анын эмнеси кыйын дешет. Жок, куруу өзүнчө иш, аны алып кетүү өзүнчө түйшүк. Бул көп күчтү талап кылган, күн сайын жасалчу эмгек.

Замира кайрымдуулук иштерин да жасайт. Жардамга муктаж айылдаштарына жардам көрсөтөт – жетимдерге кийим, окуу куралдарын алып берет, кышкысын аз камсыз болгондорго көмүр жеткирет.

– Албетте, туугандарым бизге көбүрөөк жардамдашса, жаңы унаа же дагы башка кымбат белектерди берсе дешет. Бирок алар, кудайга шүгүр, өздөрү акча таба алышат.  Башканын жардамына үмүттөнгөн жалкоолорду жактырбайм.

Замира сырткы келбетин эркектей деп эсептейт, бирок башка аялдардай эле боёнуп, көйнөк, шиш така киет.

– Тынчсызданбагыла, шиш така кийсем, эркекче басышым дароо өзгөрөт (күлөт). Негизи мен баарын эркектер чечкен заман бүттү деп эсептейм. Заманбап аялдын колунан баары келип, баарына жетишиш керек.

Чынында эле ал Маргарет Митчеллдин «Унесенные ветром» романындагы негизги каарман Скарлетт О’ Хараны эске салат. Ал отун кесчү жайды башкарып, эркектердин ишине алы жетчү эмес беле.

Замира Оморова жигиттер менен катар эле улак тартышка түшөт… Жеңил унаадан сырткары трактор, комбайн айдай алат. Темир кесүү, ширетүү иштери колунан келет, кээде ууга да чыга коёт. Бир жолу чек араны бузган адамды колго түшүргөн. Ал окуя 2014-жылы кытай чек арасына жакын жердеги Ак-Сай жайлоосунда болгон.

– Фотоаппарат кармап алып, жалгыз жүргөн кишини көрүп калдым, ал турист эмес экенин дароо түшүндүм. Аппак байпакчан экен, кытайча сүйлөйт. Мен аны кол менен жаңсап чайга чакырып, биздин чек арачыларга өткөрүп бердим. Бул үчүн Мамлекеттик чек ара кызматы мага орден тапшырды, – дейт Замира.

Атасы чалган ошол күндөн бери эки жылдан ашык убакыт өттү, бирок Замиранын шаарга кайткысы жок.

– Бул жакка көбүрөөк керекмин деп ойлойм. Ансыз да бардык жаштар айылдан качып жатышат. Кичи мекениме пайдам тийип, аны көтөрсөм дейм. Баары эле шаарда жашабайт да. Айылда чыныгы жашоо, ал күн сайын мага күч-кубат, жаңы ой, шык берет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.