
Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жаткандыгын, тегерегинде лабораториялык дагы изилдөөлөр бар экендигин билдирди Үсөнбаев.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавирус илдети жок экендигин билдирген.
Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан.
- 08.05.2020