Бишкекте суукка тоңуп каза болгон ымыркайдын денеси табылды

Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кабарлашкан.

Маалыматта наристенин денеси 14-декабрь күнү кечинде табылганы айтылат.

Кечки саат 21:00дор чамасында Бишкек шаарынын тургуну тарабынан милицияга кабар келип түшкөн. Айтылган дарек боюнча барган кызматкерлер БЧКнын жанындагы “Жасмин” аллеясынан жарыкка жаңы эле келген ымыркай кыздын жансыз денесин көрүшкөн.

Эксперттин жыйынтыгында, ымыркай кыздын суука тоңуп каза болгону маалым болгон. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, ал эми наристенин денеси өлүкканага жеткирилгендигин милициядан кабарлашты.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.