
Бишкекте бүгүн, 26-январда саат 12:30дар чамасында Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты — бир жеңил автоунаа, №130 жана №193 эки маршрутка. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки маршруткада тең жүргүнчүлөр жабыркаган. Учурда алардын толук саны такталууда.
- 26.01.2022