
Бишкек шаарынын районунун Темирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, ыкчам топ жана 4 куткаруучу менен ИИМ кызматкерлери тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча өрт кампадагы челектерден чыккан. Тилсиз жоо саат 09:01де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
- 21.12.2021