Бишкекте элдин көзүнчө ур-тепкиге алынган аял арыз жазуудан баш тартты

Бишкек шаарында 30-январь күнү саат 23:00дөр чамасында өтүп бара жаткандар Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу милицияга билдиришкен. Учурда бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Окуя болгон жерге Ленин райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барган.

Милициядан билдиришкендей, саат 17:30дар чамасында жубайлар достору менен конокко барышкан. Андан кийин оозеки чыр-чатак чыгып, аялы көчөгө чыкканда күйөөсү артынан келип, күч колдонуп, ур-тепкиге ала баштаган.

Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук милициясына каттоого алынган. Бирок жабырлануучу аял жолдошу боюнча арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.