
Бишкекте алыш күрөш боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт. Мелдеш 20-21-февраль күндөрү спорт ордосунда уюштурулаарын Дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалым болгондой, биринчиликте 18 жаштан жогорку спортчулар алыш күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча күч сынашат.
Турнир Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курама командасын түзүү максатында өткөрүгөнү жатат. Түзүлгөн команда Азия боюнча, дүйнө боюнча эл аралык чемпионаттарга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.
- 18.01.2021