Бишкек-Ташкент-Бишкек авиакаттамы ишке кирди

23-декабрь күнү “Эйр Манас” авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек алгачкы каттамын ишке ашырды. Жаңы каттамдын ачылышы “Манас” эл аралык аэропортунда болуп, ага Жарандык авиация агенттигинин жана “Эйр Манастын”өкүлдөрү катышышты.  

Жергиликтүү авиакомпания тарабынан ишке ашырылган Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жумасына эки ирет – шаршемби, ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда аталган каттамды аптасына 4 жолкуга чейин көбөйтүү ниеттери айтылды.

“Эйр Манас” мындан тышкары эми жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу Ташкент-Ош каттамын сунуштоодо.

“Эйр Манас” авиакомпаниясы аркылуу Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Ош-Бишкек, Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамдары жүргүзүлүп келет. Муну менен катар эле Түркияга жана Стамбул аркылуу Европанын шаарларына ыңгайлуу каттамдар сунушталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.