Бишкек шаарына 74 млн 700 миң сомдук эс алуу бак курулууда

Бишкек шаарында дагы бир жаңы парктын курулушу улантылууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 гектардан ашык аянтта үч фонтан түзүлүп, бетондолгон. Электр тармактары, суу түтүктөрү жана канализация орнотулган. Парктын кире беришине жол салынып, үч коомдук даараткана бүтүп калган.

Курулуштун баасы 74 миллион 700 миң сомду түзгөн. Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.