Бишкек, Ошто мектептердеги коррупцияга каршы күрөш башталды. Эмне өзгөрөт?

Бишкекте жаңы окуу жылынан баштап ата-энелер мектеп кереги үчүн милдеттүү түрдө каражат чогултуудан кутулушат. Мындай сунуш Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көтөрүлүп, Бишкек шаардык мэриясы колдоду. Буйрук ушул жылдын жаңы окуу жылынан баштап күчүнө кирип, мыйзамсыз акча чогулткан агартуучулар жумуштан алынып, кылмыш иши козголот.

Буга чейин мектептин басымдуу киреше булагы ата-энелердин капчыгынан болуп калганына шаардыктар нааразы болуп келишкен.

Бишкекте бир бала үчүн ата-эне жылына 5 миң сомдун тегерегинде акча төлөйт. Ичинде ай сайын милдеттүү түрдө 500 сомдон алынчу  фонд бар. Калган каражат билим уянын айрым жерлерин оңдоп-түздөөгө чогултулат. Ал эми мугалимдин демилгеси менен уюштурулган иш-чаралар дагы бир топ чыгымга учуратат дешет шаардыктар. Мындай ыксыз чыгымды жараткан агартуучу эми мыйзам чегинде жоопко тартылып, кызматынан бошотулат.

“Ата-энелер анонимдүү түрдө кайрылып жатышат. Эгер ачык эле мыйзамдуу түрдө арызданышса, биз прокуратурага өткөрүп беребиз. Акча алган директорбу же мугалим болобу кылмыш иши козголуп, жумушунан бошотулат”, – деди  Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева.

Абдылдаеванын айтуусунда, мектеп үчүн каражат Бишкек менен Ош шаарында гана төлөнөт. Бирок республиканын айрым облустарындагы билим уялары эбак муну эки шаардын тажрыйбасынан өздөштүрүп алганын агартуу тармагына салым кошкондор белгилешет.

Мисалы, Жалал-Абад шаарындагы №1 жана №2 мектептерде быйыл ата-энелер ар бир бала үчүн класстык фондго 300 сомдон, ал эми мектептин жылдык фонду үчүн 700 сомдон төлөшсө, ремонту үчүн 300 сом беришкен. Бирок 4 балалуулар үчүн 50%дык жеңилдетүү бар.

“Биз балдардын акысыз билим алуусуна шарт түзүп жатабыз. Эгер акча алып келүүнү милдеттендирген мугалим болсо, ал сөзсүз түрдө жазага тартылат”, – дейт Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева.

Балдардын мектепте акысыз билим алуусу баш мыйзамда жазылган. Бул үчүн мамлекет жыл сайын казынадан каражат бөлүп, акыркы жылдары окутуучулардын эмгек акысын дагы көтөрүүдө. Анткени ата-эне үчүн ашыкча чыгым болоору аз келгенсип, окуучунун психологиясын да  бузушу ыктымал. Мугалим арзыбаган акча үчүн окуучуну класстын ичинде жемелеп, жыйынтыгында билимге умтулган жеткинчек кандайдыр бир деңгээлде жабыркап калышы мүмкүн.

“Азыр бардык мектепте ата-энелер комитети бар. Мугалимдер акчаны өздөрү түз сурай албай, комитет аркылуу чогултуп жатат. Анан ата-энелер комитетинин чечими катары көрсөтүшүп, өздөрүн күнөөсүз кылып жатышат. Ошондуктан ата-энелерди аргасыздыкка алып барбай, мектеп балдарды акысыз окутууга милдеттү кылуу керек”, – деди Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы Мурат Иманкулов.

Мектептердеги жылдык фонд  агартуучулардын ортосунда жемкорлукту алып келет. Мугалим милдетин экинчи планга коюп, ашыкча каражат топтоону пландап калышы ыктымал дешет эксперттер. Бул ар бир баланын социалдык мүмкүнчүлүгүн чектеп, окуучунун эркин билим алуусуна терс таасирин тийгизет.

Ошто болсо окуучуларды 1-класска кабыл алуудагы коррупцияны жоюу механизмин иштеп чыкмай болушту. Мындай чечим жакында эле мэриянын өкүлдөрү, билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги, шаардагы жалпы мектеп директорлору жана бала бакчалардын башчылары катышкан жыйында кабыл алынды.

Мектептердеги коррупцияны кандай механизм менен жойгону жатышат жана бул канчалык деңгээлде ишке ашары азырынча белгисиз.

Бирок Ош шаарындагы мектептерде ремонт иштерине акча чогултула баштады. Бул быйыл мамлекеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө каржы аз бөлүнгөнүнө байланыштуу деп түшүндүрөт шаардык билим берүү башкармалыгы.

Ата-энелерден каражат чогултуу №50 Паиз Нышанов мектебинде жүрүп жатат.  Мамлекет ремонтко де бөлгөн акча жетпей жатат.  Кем-карысын ата-энелердин эсебинен бүткөрүүнү чечишкен.

№ 50 П.Нышанов орто мектебинин директору Айжамал Убайдуллаеванын айтымында, окуучулардан оңдоп-түзөөгө 150 сомдон жыйналууда. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан бул сумма толук алынбайт.

Ремонт иштерине мектеп окуучуларынан акча жыйналганын айрым ата-энелер туура кабыл алса, кээ бирлери каршы болуп жатышат.  Анткени бир үйдөн 4-5 тен балдары мектепке баргандар да бар.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асановдун айтымында, шаардык жана республикалык казынадан бөлүнгөн каражат эң зарыл болгон он мектептин ремонтуна гана жетет. Ошондуктан ата-энелерди көмөктөшүүгө чакырышкан.

Ош шаарында жалпы 56 мектеп бар. Аларда 54 миң окуучу билим алат.

Кыргызстандын билим берүү мыйзамына ылайык, орто билим берүү акысыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бирок акысыз орто билимдин айланасында миллион эмес миллиарддаган акчалар айланып жатканын изилдөөлөр көрсөттү. Бул “демөөрчүлүк” деп аталганы менен иш жүзүндө “мажбурлоо” ыкмасы колдонулат.

Мектептерде ата-энелерден  ушундай жол менен чогулган акчанын суммасы жыл сайын 2,2 миллиард сомго (45 миллион доллар) жетет. Мындай жыйынтыкты социалдык компаниялардын бири “Орто мектептердеги коррупция тобокелдиктери жана  бейрасмий жыйымдар” деп аталган иликтөөсүнүн негизинде чыгарган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.