Бишкек- Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

25-декабрда Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош трассасынын 123-125-127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондугуна байланыштуу жолдо жүрүүгө кыйынчылык жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тыгын пайда болуп, түнкү саат 20:45тен тарта “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Учурда жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп жатат.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.