Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматк ылайык, “Бишкек жашыл чарба” МИнин башкы бухгалтери “А.Э.О.” жана бухгалтер “А.А.” белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тастыкталды.

Бул факты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар “А.Э.О.” күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.