Бишкек инвестициялык форуму – кыргызстандык ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүк берет

Быйыл, 11-октябрда, «ЖИА» Бизнес ассоциациясы Эл аралык деңгээлде “Бишкек инвестициялык форумун” өткөрөт. Ага өнүккөн мамлекеттердеги жана коңшу өлкөлөрдөгү эң чоң делген бизнес уюмдардын өкүлдөрүн чакырылган. Алар Кыргызстандын ишкерлерине бизнестерин биргеликте улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Булар тууралуу аталган Бизнес ассоциациясынын “Ош” филиалынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу “Ынтымакка” билдирди.

 “Бул форумга кыргызстандык ишкерлер бир канча шарттар менен катыша алышат. Биринчиден, алар бул форумга акы төлөп катышышат. Анткени ар бир нерсенин баасы болгондой эле, форум сататтуу, баалуу болсун деп ушул чечимге келгенбиз. Экинчиден, 27-сентябрга чейин каалоочулардан жакшы бизнес долбоорлорун күтүп жатабыз. Эгер алардын долбоорлору эң мыкты деп эсептелсе, аларды атайын каталогго киргизип, булардын ичинен да эң жакшыларына 6 айга чейин кеңештерди берип, жол көрсөткөнгө шарт түзүп беребиз”,-деди А.Жээнбай уулу.

Форумдун алкагында Эл аралык франшиза соода көргөзмөсү болуп, ага бардык каалоочулар акысыз катыша алышат. «ЖИА» Бизнес ассоциациясы мындай форумдарды 2015-жылдан бери ар эки жылда өткөрүп келет. Алардын аракети менен Кыргызстандагы ишкерлер чет мамлекеттерден инвесторлорду тартып, бизнесин жолго койгондору көбөйгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.