Бишкек: 58 жаштагы тургун изделүүдө

Бишкек шаарынын 58 жаштагы Жанышбек Смадияров дайынсыз болууда. Ал 10-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Азыркы убакта кайда жүргөнү белгисиз.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы издөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Жанышбек Смадияров үйүнөн чыгып кеткен күнү үстүнө саргыч боз түстөгү күрмө, кара түстөгү джинси шым, бутунда кара түстөгү өтүк кийип чыгып кеткен.

Күч кызматындагылар көргөн билгендер болсо 0703 40-16-00 жана туугандарынын 0705 01-02-13 номуруна кайрылып коюусун суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.