Бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 668 миллион сом топтолду

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 жыл 4 айда 1 миллиард 668 миллион сом чогултулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Белгилей кетсек, коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.