
Биометрикалык паспорт 14 күндүн ичинде колдонууга чыгат. Электрондук паспорттун ичине жарандын өздүгүн тактаган 19 маалымат киргизилет. Адистердин айтуусунда жаңы ID карт менен жарандар июнь айынан баштап Казакстан жана Орусияга чыга алат.
Жаңы паспорт ушул жылдын соңуна чейин жарандарга акысыз берилет. Керектелүүчү документтер-азыркы ID паспорт менен биометрикалык каттоодон өткөнү тууралуу маалымат.
Кыргызстан электрондук паспортко Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өтүп жатат.
- 02.05.2017