Билим берүү тармагында эмгектенген жарандардын маяналары кыскартуусуз берилет

Аралыктан окутуу маалында Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлык акылары кадимкидей эле төлөнүп берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Анда маалым болгондой, административдик, техникалык жана кенже персоналдар да маянасын колуна алат.

“Билим берүү аралыктан жүргүзүлүп жатканына карабай, мугалимдер өз милдеттерин аткарып жатышат. Андыктан, билим берүү кызматкерлеринин баары эмгек акыларын толук алышат. Ошондой эле административдик, техникалык жана кенже кызматкерлердин да маянасы сакталат”,-деп жазды Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, окутуу башталганга чейин (16-март – 8-апрель) билим берүү уюмдары шартка жараша узартылган каникулга чыгарылган. Тармактагы кызматкерлердин айлыгы анда да толук сакталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.