Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2030-жылга максат жана милдеттерге жетүү үчүн документте мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу, PISA эл аралык рейтингинде окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу белгиленген.

Жогорку билим берүүдө мамлекеттик ресурсту эл аралык даражасы бар, сырткы рынокто талабы күч болгон саналуу жогорку окуу жайларга багыттоо сунушталат.

Баштапкы, орто жана жогорку билим берүү тармагында жумуш ордунда окутуу усулун колдонуу аркылуу улуттук квалификация талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо үчүн комплекстүү реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле Кыргызстан жана башка мамлекеттердин жумуш берүүчүлөрү менен байланышты бекемдөө маанилүүлүгү көрсөтүлдү. Билим берүү тармагындагы жеке сектордун өнүгүүсүндө жаралган тоскоолдуктарды жоюу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү пландалды.

Стратегия долбоорунда илим изилдөө багытын прикладдык изилдөөгө жана экономикалык натыйжалуулугу эффективдүү жумуштарга өзгөртүү камтылган. Илимдин өнүгүүсү эл аралык талаптарга жооп берген илимий даражаны келтирүү жолу менен барышы керек.

Бул өнүктүрүү стратегиясы билим берүү системасына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана аны өркүндөтүү сунуштарын даярдоо боюнча эксперттик топко көрсөтүлөт. Алар стратегиялык долбоорду толуктоо үчүн өз сунуштарын беришет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.