
Өзбек бийлиги бир катар социалдык тармактардын ишин чектөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу hravda.com.ua жазып чыкты.
Чектөөлөрдүн себеби жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузулгандыгында.
Мамлекеттик жөнгө салуучу кайсы социалдык тармактарга чектөө киргизиле тургандыгын айткан эмес, бирок колдонуучулар Twitter, TikTok, ВКонтакте жана Skype мессенджеринин иши үзгүлтүккө учурап жаткандыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда апрель айында интернет компанияларын өлкөнүн аймагында өзбек колдонуучуларынын жеке маалыматтарын сактоого милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Өкмөттүн Улуттук персоналдаштыруу борборунун башчысы май айында социалдык тармактарга мыйзамды сактоо боюнча талаптар жөнөтүлгөнүн билдирген.
- 05.07.2021