
Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Азимбек Бекназаров учурда 63 жашта. Ал 2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Эске салсак, Азимбек Бекназаровун элчи болоору жөнүндөгү кабар октябрь айынын башында чыгып, коомчулук тарабынан ар кандай кептер айтылып келген.
- 26.12.2019