Бейшеналиев: Кыргызстанда “омикрон” штаммы катталган жок

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде өлкөдө коронавирустун “омикрон” штаммы аныкталбаганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жаңы “омикрон” штаммы аныкталса, ооруканалар жана лабораториялар толук даяр.

“Республикада жаңы технологиялар менен эки вирусологиялык лаборатория ачылды, алар жаңы штаммга скрининг жана изилдөө жүргүзүшөт. Мындан тышкары, дагы 8 лаборатория ачуу пландалууда”, – деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, жаңы “омикрон” штаммын жуктурган учурлардын 70-75%ы салыштырмалуу жеңил өтөт, кадимки сасык тумоого окшош жана ооруканага жаткырууну талап кылбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.